Кыргызстан менен Өзбекстан соода мамилесин өнүктүрүп, 2030-жылга карата 2 млрд долларга жеткирүүнү макулдашты. Бул тууралуу Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 23-июнда Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиясынын 12-отурумунда билдирди.“2025-жылдын аягына карата өлкөлөрүбүздүн ортосундагы соода жүгүртүү 1 млрд доллардан ашкан, бул 2024-жылга салыштырганда 19% көп көрсөткүч болгон. Акыркы беш жылдын ичинде эки эсе өскөнүн баса...