Бишкекте 23-июнда кечинде Португалия менен Өзбекстандын футбол матчын трансляциялоо себептүү бир нече көчөлөрдө убактылуу кыймыл токтотулат, деп билдирди борбордун мэриясынын маалымат кызматы.
Турдакун Усубалиев атындагы аянтта (Эски аянт) көңүл ачуу программасы 21:20да башталат, ал эми оюн 23:00дө старт алат.
Иш-чараны өткөрүү менен байланыштуу чектөөлөр Орозбеков жана Абдымомунов көчөлөрүнүн, Орозбеков жана Фрунзе көчөлөрүнүн, Раззаков жана Фрунзе көчөлөрүнүн, Абдымомунов жана Эркиндик бульварынын кесилиштеринде кыймылга таасир этет. Ошондой эле Абдымомунов көчөсүнөн уланып, Орозбеков жана Раззаков көчөлөрүнүн участогу улуттук тарыхый музейге чейин жабылат.