Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн санаторий-курорттук дарылоо үчүн путевкаларды сатып алуу боюнча тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырылган маалыматка ылайык, квалификациялык талаптар коюлган баа сунуштарын алуу ыкмасы колдонулат.
Бул сатып алуулар үчүн бөлүнгөн жалпы сумма 116 миллион 801 миң 664 сомду түзөт.
Тендерге катышуу үчүн арыздар 2026-жылдын 26-июнунда саат 13:00гө чейин кабыл алынат. Кызматтар төрт сезондун ичинде көрсөтүлөт деп күтүлүүдө.