
2026-жылдын 3-июлунда Бишкекте, «Жаштык Арена» спорттук комплексинде профессионалдык бокс дүйнөсүндө маанилүү эл аралык окуя өтөт. Кеченин алкагында көрүүчүлөрдү жети өлкөдөн келген боксчулардын катышуусунда сегиз беттеш, эки титулдук жекпе-жек, ошондой эле концерттик программа жана бокс легендалары Эвандер Холифилд менен Александр Поветкин менен жолугушуу күтөт.
Турнир Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин спикери Марлен Маматалиевдин колдоосу менен уюштурулат жана Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Россия, Тайланд жана Куба өлкөлөрүнөн спортчуларды бир рингге чогултат. Иш-чаранын негизги максаты кыргызстандык боксчулар үчүн платформаны түзүү болуп саналат, бул алардын профессионалдык карьерамын өнүктүрүүгө, рекорддорун жакшыртууга жана башка өлкөлөр менен спорттук байланыштарды бекемдөөгө жардам берет.
Бул кечеде алты рейтингдик жана эки титулдук беттеш өтөт, ошондой эле бардык катышуучулар үчүн, жыйынтыктарынан көз каранды болбостон, акчалай сыйлыктар каралган.
Кеченин негизги беттештеринин арасында кыргызстандык Ыктыяр Нышанов менен россиялык боксчу Михаил Тархановдун беттеши өзгөчө орун алат, анда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын атайын белеги коюлат. Экинчи титулдук жекпе-жек кыргызстандык боксчу Акжол Сулайманбек уулу менен тажрыйбалуу тай боксчу Phayom Campee арасында Кыргыз профессионалдык бокс лигасынын поясу үчүн өтөт. Бул беттеш кыргызстандык боксчу үчүн маанилүү сыноо болот, анткени анын атаандашы чоң тажрыйбага ээ.
Турнирдин толук файткарды төмөнкүлөрдү камтыйт:
Титулдук беттештер:
— Ыктыяр Нышанов, Кыргызстан — Михаил Тарханов, Россия (Жогорку Кеңештин төрагасынын поясу үчүн);
— Акжол Сулайманбек уулу, Кыргызстан — Phayom Campee, Тайланд (Кыргыз профессионалдык бокс лигасынын поясу үчүн).
Рейтингдик беттештер:
— Омурбек Бекжигит уулу, Кыргызстан — Абдугафор Вахобов, Тажикстан;
— Даниэль Абдырахманов, Кыргызстан — Артём Никитенко, Россия;
— Нурадин Рустамбек уулу, Кыргызстан — Ибратбек Давлатов, Өзбекстан;
— Мирзохид Имамназаров, Кыргызстан — Вега Акоста, Куба;
— Азизбек Ходжаев, Кыргызстан — Алпысбай Мейрамбек, Казакстан;
— Анваржан Ходжиев, Кыргызстан — Серик Оразгали, Казакстан.
Кыргызстандык боксчулар өз өлкөсүнүн аудиториясынын алдында эл аралык атаандаштарга каршы чыгуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк алышат, бул алардын карьерасына жана тажрыйбасына оң таасирин тийгизет. Катышуучулардын арасында жаңы баштаган спортчулар да, эл аралык беттештерде тажрыйбасы барлар да бар.
Бокс жылдыздары Эвандер Холифилд жана Александр Поветкин турнирдын ардактуу коноктору болушат. Холифилд — тарыхтагы эң белгилүү боксчулардын бири, ал эми Поветкин — Олимпиада чемпиону жана мурдагы дүйнө чемпиону. Алардын катышуусу жаш боксчулар, машыктыруучулар жана спорт күйөрмандары үчүн маанилүү окуя болот.
Мындан тышкары, ардактуу коноктордун арасында Борбордук Азиянын башка бокс легендалары да бар, бул турнирдын регион үчүн маанилүүлүгүн баса белгилейт.
Уюштуруу комитети бокс дүйнөсүндө белгилүү инсандардан турат, мисалы, жети жолку дүйнө чемпиону Орзубек Назаров жана Кыргызстандын Профессионалдык бокс лигасынын президенти Шайлообек Атазов. Туруктуу эл аралык турнилер кыргызстандык спортчуларга профессионалдык рингде көбүрөөк чыгууга жана эл аралык спорттук уюмдардын көңүлүн бурууга мүмкүндүк берет.
Окуяга билеттерди Kassir.kg улуттук билет оператору аркылуу сатып алууга болот.
сүрөт www
