Кыргызстанда биринчи жолу Шанхай кызматташтык уюмунун жаш илимпоздорунун эл аралык лагери өтөт

5-июлдан 20-июлга чейин Кыргызстанда Шанхай кызматташтык уюмунун жаш илимпоздору үчүн Эл аралык илимий-билим берүү лагери өтөт. Бул иш-чара Билим берүү министрлиги тарабынан уюштурулуп, Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарында жайгашкан «Акылман» Президенттик лицейинин аймагында өтөт.

Лагерге мектеп окуучулары, академиялык окутуучулар, илимий менторлор жана ШОС өлкөлөрүнүн билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү чогулат. Иш-чаранын катышуучулары билим жана тажрыйба алмашып, илимий кызматташтыкты өнүктүрүп, биргелешкен изилдөө долбоорлорун ишке ашыра алышат.