Кыргызстандын президентинин алдындагы Улуттук инвестиция агенттигинин жетекчиси Равшанбек Сабиров архитектуралык долбоорлоо жана инфраструктураны өнүктүрүү боюнча адистешкен эл аралык James Cubitt & Partners (JCP) компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун негизги темасы Кыргызстандагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жана инвесторлорго мамлекеттик колдоо болду.
Жолугушуу учурунда келечектеги кызматташтык үчүн негиз боло турган негизги багыттар каралды.
«Инфраструктураны өнүктүрүү жана социалдык объектилердин сапатын жакшыртуу Кыргызстан үчүн приоритет. Эл аралык тажрыйбаны колдонуу жана заманбап чечимдерди сунуштай алган чет элдик компаниялар менен байланыштарды орнотуу маанилүү. Улуттук инвестиция агенттиги чет элдик өнөктөштөр менен кызматташтыкты кеңейтүү жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү боюнча иштерин улантат», - деп белгиледи Равшанбек Сабиров.Саламаттыкты сактоо жана инфраструктура тармактарындагы долбоорлорго өзгөчө көңүл бурулду. Жолугушуунун катышуучулары JCPнин медициналык мекемелерди жаңылоо жана жаңы инженердик технологияларды киргизүү менен байланышкан долбоорлорго катышуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.