Орусияда көптөгөн аймактарда Украинанын соккуларынан улам мунай ишканалары жабыркап, бензин сатууга чектөө киргизилүүдө. 23-июндан тартып Воронеж облусунда "Лукойл" компаниясынын май куюучу жайларында, "Коммерсант" басылмасы жазгандай, бир машинеге 30 литрден, ал эми дизель отуну 60 литрден ашык эмес сатылат.Омск облусунда бийлик бензинди бир кардарга 40 литрден ашырбай сатуу чечимин "жасалма ажиотаж жана чайкоочулук болуп кетпеши үчүн" деп түшүндүрүүдө.Иркутск...