С апрель айынан баштап, Россия жана Казакстан бийликтери Кыргызстан аркылуу транзит менен өтүп жаткан бажы жүктөрүнө көзөмөлдү күчөтүштү. Бул кадам параллель импортко тиешелүү товарлардын көпчүлүгүн камтыйт, деп билдирет «Деловой Петербург» басылмасы.
Федералдык бажы кызматы импорттук жүк агымы боюнча деталдуу статистиканы бербейт, бирок рыноктун катышуучуларынын белгилешинче, «санкцияга сезгич» жүктөрдүн дээрлик 25%ы Түндүк-Урта регионго Кыргызстан аркылуу келет. Бирок, товарлардын бир бөлүгү түздөн-түз акыркы жүктөө пунктуна жетпей, Москвада кайра жүктөлөт, бул эсептөөлөрдү кыйындатат.