
Бишкекте юрист Нурлан Алымбаев психологиялык жардам жана ишмердүүлүк боюнча Кыргызстан жана бир нече ТМД өлкөлөрүнүн мыйзамдарын талдоо натыйжаларын сунуштады. Ал өлкөдө психологиялык жардам бар экенин жана ар кандай категориядагы жарандарга көрсөтүлүп жатканын, бирок анын толук кандуу укуктук базасы жок экенин белгиледи.