Адамзаттын тарыхындагы согуштагы эң ири кармаштардын бири "Багратион" 1944-жылдын 23-июнунда башталган. Бул күнү советтик жоокерлер Батышты көздөй жылууга кедергисин тийгизип жаткан душмандын коргонуу тилкесин — "Беларусь балкону" деп аталган зор аймакты талкалоо үчүн чабуулга өткөн. Эки айдын ичинде алар душманды 600 чакырымга чейин сүрүп таштаган.