Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 19-22-июнь күндөрү болгон күчтүү жамгырлардан улам Баткен облусун жабыркаткан селдердин кесепеттеринен кабардар.

Президенттин басма сөз катчысынын маалыматына ылайык, мамлекет башчысы мамлекеттик мекемелерге жана жергиликтүү бийликке бул табигый кырсыктын кесепеттерин тез арада жоюу жана жабыркаган жарандарга зарыл жардам көрсөтүү боюнча шашылыш тапшырмаларды берди.