2023-жылдын июль айынан баштап Өзбекстанда Россиянын «Госуслуги» порталына кирүү мүмкүнчүлүгүн берүү боюнча эксперимент башталат. Бул долбоордун алкагында россиялыктар консулдукка жеке баруунун кереги жок, документтерди алыстан толтуруп, маалымкаттарды ала алышат, деп билдирет Podrobno.uz.

Долбоор 2027-жылдын аягына чейин уланат жана Россиянын Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөдөгү мекемелери жана Россотрудничество өкүлчүлүктөрү аркылуу ишке ашырылат. Россиянын санариптик кызматтарына атайын техникалык кирүү пункттары Армения, Казакстан, Кыргызстан, Түркия, Индия жана Кытай сыяктуу башка өлкөлөрдө да түзүлөт.