Бишкекте 24-июндан баштап беш автобустун маршрутуна убактылуу өзгөртүүлөр киргизилет. Бул өзгөртүүлөр Молодой Гвардия проспекти менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишинде реконструкция жүргүзүлүшү менен байланыштуу. Тийиштүү маалымат шаардык мэрияда айтылды.

Өзгөртүүлөр №7(Т), 8(Т), 18, 23 жана 62 маршруттарын камтыйт.