Бишкекте ШОСко мүчө мамлекеттердин укук коргоо мекемелеринин биринчи жолугушуусу болду
Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна (ШОС) мүчө мамлекеттердин улуттук укук коргоо мекемелеринин биринчи кеңешме жолугушуусу өттү. Иш-чара Кыргызстандын акыйкатчысы тарабынан колдоого алынды.

Талкууга Беларусь, Иран, Казахстан, Кытай, Россия, Тажикстан, Өзбекстан жана Пакистандагы укук коргоо уюмдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты. Индия онлайн форматта катышты.