Бишкекте эки эркек кармалды, алар алдамчылыкка шектелүүдө. Жергиликтүү укук коргоо органдары билдиргендей, жабырлануучу телефон чалуу аркылуу милиция, УКМК жана Улуттук банк кызматкери катары өзүн тааныштырган кылмышкерлерден 20 миң доллар жана 1 миллион сомдук акчасынан ажыраган.

Бишкек ШИИБинин маалыматына ылайык, 27-апрелде Б. Э. Свердлов районунун ИИБине белгисиз адамдардын алдамчылык жол менен анын акчасын алып кеткендиги боюнча чара көрүүнү өтүнүп кайрылган.