
Ысык-Көл облусунда Кыргызстандын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин химиялаштыруу, өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин департаменти тарабынан ачылган жаңы агрохимиялык лаборатория ишин баштады. Лаборатория аймактагы фермерлерге айыл чарба жерлеринин абалын так илимий баалоо мүмкүнчүлүгүн берет, деп билдирет айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы.