Эльвира Сурабалдиева: Кыргызстанга психологиялык жардам жөнүндөгү мыйзам керек


Кыргыз Республикасында психологиялык ишмердүүлүктү жана психологиялык жардам көрсөтүүнү жөнгө салуучу жаңы мыйзамды түзүү мүмкүнчүлүгү каралууда. Бул демилге 22-июнда Бишкекте мамлекеттик структуралардын өкүлдөрү, психология тармагындагы адистер, илимпоздор, жарандык коомдун мүчөлөрү жана эл аралык уюмдардын катышуусунда талкууланды.