Кыргызстандык сүзүүчү Денис Петрашов Америка Кошмо Штаттарында өткөн эл аралык сүзүү турниринде өзүнүн медалдар коллекциясына дагы бир медаль кошту. TYR Pro Series сериясындагы мелдештер Индианаполис шаарында, Индиана штатында 17-21-июнь күндөрү өттү.
Турнирдин алкагында 17-июнда 50 метр брасс менен сүзүү боюнча заплывдар өтүп, ага 50 спортчу катышты. Петрашов жакшы натыйжа көрсөтүп, алдын ала заплывда 27,58 секунд убакыт менен 5-орунду ээледи, бул ага финалга чыгууга мүмкүнчүлүк берди.
Чечүүчү заплывда кыргызстандык спортчу өзүнүн убакытын жакшыртып, дистанцияны 27,05 секундда өтүп, коло медальды утуп алып, мыкты сүзүүчүлөрдүн арасында үчүнчү орунду ээледи.