Ысык-Көл облусунда мугалимдер арасында "Ден соолук" спартакиадасы өттү


19-июнда Ысык-Көл облусундагы "Кыргыз Деңизи" санаториясында жалпы билим берүү мекемелеринин жана Кыргызстандагы кошумча билим берүү уюмдарынын мугалимдери үчүн уюштурулган республикалык "Ден соолук" спартакиадасы башталды. Иш-чаранын максаты – дене тарбиясын жайылтуу жана билим берүү системасынын кызматкерлеринин арасында массалык спортту өнүктүрүү.