Ошто кургак жемиштерди өндүрүүчүлөр үчүн экспорттук программа аяктады
Ошто Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Чүй облустарындагы кургак жемиштерди өндүрүүчүлөр жана кайра иштетүүчүлөр үчүн окутуу жана кеңеш берүү программасы аяктады. Программа өндүрүш, сактоо жана продукциянын сапатын контролдоо процессин жакшыртуу аркылуу экспортко даярдыкты жогорулатууга багытталган.

Бул иш-чара Европалык Союз тарабынан каржыланган жана Эл аралык соода борбору (ЭСБ) тарабынан ишке ашырылган Ready4Trade Central Asia долбоорунун бир бөлүгү болуп саналат: "Транскаспий транспорттук коридору аркылуу гүлдөп-өсүүгө жол" (2024–2028).