Президент Садыр Жапаров Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Кочкор районунун активи жана тургундары менен жолугуп, алардын суроолоруна жооп берди. Президенттин басма сөз кызматынан региондо жетишилген маанилүү натыйжалар жөнүндө маалымат берилди.
Мамлекет башчысынын айтымында, 2025-жылы курулуш, жол инфраструктурасы, ирригация жана таза суу менен камсыздоо сыяктуу тармактарда аткарылган иштердин көлөмү 2 миллиард 900 миллион сомду түзүп, бул 14 эсе өсүүнү көрсөтөт. 2020-жылдан 2025-жылга чейин Кочкор районунда 28 социалдык объект пайдаланууга берилди.