Бүгүн, 24-июнда, Кыргызстандын аялдар волейбол командасы (U-18) Таиландда өтүп жаткан Princess Cup эл аралык турниридеги экинчи оюнун өткөрөт.
Турнир 23-июнда Накхонратчасима шаарында башталды жана эки топко бөлүнгөн сегиз команданы чогултту.
Топтук этаптын экинчи турунда Кыргызстан командасы Малайзиянын волейболчулары менен беттешет. Оюн Бишкектин убактысы боюнча 9:00дө башталат.
Турнирдин биринчи оюнунда кыргызстандыктар Вьетнам командасынан жеңилип калышты.