Түштүк Корея Украинага каршы Орусия тарапта согушуп жүрүп туткунга түшкөн Түндүк Кореянын эки жоокерин эртерээк алууга аракет кылууда. Бул тууралуу The Korea Herald басылмасы Сеулдагы, тагыраагы, бул өлкөнүн Тышкы иштер министрлигиндеги (ТИМ) жогорку кызматтагы аткаминерге шилтеме кылып жазды.Сөз Түндүк Кореянын Орусиянын Курск облусунда украиндерге каршы согушуп жүрүп 2025-жылы январда туткунга түшкөн эки аскери тууралуу болуп жатат. Президент Владимир Зеленский ошол кезде Киев жоокерлерди...