Саясатчы Азимбек Бекназаров 24-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) сурак берип жатат. Бул маалыматты “Азаттыкка” анын уулу Руслан Бекназаров ырастады. Ал атасы кайсыл иш боюнча суракка чакырылганы белгисиз экенин, бирок атайын кызматта банк кутучаларына байланыштуу буга чейин козголгон кылмыш иши бар экенин айтты.2024-жылы УКМК Азимбек Бекназаровду “2010-жылдын апрелиндеги окуяларда банк кутучаларынан жана өкмөт үйүнөн алынган акчаны уурдоо жана коротуу фактысы”...