Кыргызстанда “Ширшов фонду” деген коомдук уюм расмий каттоого алынды. Коомдук уюм аны орусиялык ишкер Алексей Ширшов негиздегенин “Азаттыкка” ырастады. Фонд гуманитардык багытта иш алып барарын айтканы менен айрым талдоочулар ага тыкыр көз салуу зарыл экенин белгилөөдө.