Орусиянын президенти Владимир Путин Батыш өлкөлөрү өз аймагынан Орусияны көздөй учкучсуз учак учурууга "даабай турганын", анткени жооп соккудан кооптонушарын билдирди. Путин бул тууралуу Москвада аскер окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнүн алдында сүйлөп жатып айтты.Муну менен ал согуш тууралуу жазган көптөгөн Телеграм каналдардын "Балтика өлкөлөрү Орусияны учкучсуз учак менен аткылоого катышууда же аба мейкиндигинен украин дрондорунун учуп өтүүсүнө мүмкүнчүлүк берүүдө" деген...