Президент Садыр Жапаров Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) эми кичи шаарлар менен айыл аймактарга турак жайларды салууга артыкчылык берерин билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчы 23-июнда Нарын облусунун Жумгал районунун тургундары менен жолугушууда айтты.“Мурда биз жети облустун борборлору, Бишкек жана Ош шаарларына куруп жатканбыз. Азыр ал жактын баарын токтотуп, райондорго, 33 шаардын ичине жана айылдардын ичине кирип атабыз. Антпесе айылдарда кезекке тургандар көп экен. Алардын чыдамы...