Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгы (РИИБ) социалдык тармактарда жарыяланган "Кайрымдуулукка кетеби же сол чөнтөккө кетеби?" деген аталыштагы видеоматериал боюнча ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп, шектүүлөрдү аныктаганын билдирди.Мекеменин маалыматына караганда, натыйжада 21 жаштагы Ж.Д. жана 24 жаштагы Ш.М. аттуу жарандар аныкталып, Ленин РИИБге жеткирилди. Аларга карата Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 126-1-беренеси (Тилемчилик) боюнча протоколдор түзүлдү.Милиция...