Нөшөрлөп жааган жаандан улам Ош шаарына таза суу берүү убактылуу токтотулганы боюнча маселе Жогорку Кеңештин 24-июндагы жыйынында көтөрүлдү.Парламенттин депутаты Алтынбек Кудайбердиев Ошто таза суу көйгөйүн тез арада чечпесе жаан жааган сайын суу берүү үзгүлтүккө учурап, эл кыйналып жатканын айтты.Ош шаарынын мэриясынын маалыматына ылайык, Зымырык-Сай, Кызыл-Кыштак аймактарында сел жүрүп, Ак-Буура суусу булганып, калаанын айрым аймактарына таза суу берүү убактылуу токтотулган.Андан тышкары...