Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттер менен байланышты чыңдоо — Россиянын тышкы экономикалык саясатындагы эң негизги багыттардын бири. Бул тууралуу РФ Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Владимир Падалко Бишкекте өтүп жаткан ШКУнун Ишкерлер кеңешинин жыйынында билдирди.