Президент Садыр Жапаров Ат-Баши районунун өнүгүү маселелерин талкуулап, өнөр жай, жол куруу, социалдык тармак жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча ийгиликтүү көрсөткүчтөргө көңүл бурду. Соңку беш жылда региондогу өнөр жай продукциясынын көлөмү 4,5 эсе өскөн. 2021-жылдан 2025-жылга чейин райондо 44 чакырым жол асфальтталган, ал эми ушул жылы дагы 31 чакырым асфальттоо пландаштырылууда. Бардык иштер жылдын аягына чейин аякталат.

Мамлекет башчысы акыркы жылдары жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи. Бул максаттар үчүн 19 даана атайын техника сатып алынган. Президент жакынкы жылдарда Ат-Башы - Озгорүш жана Ат-Башы - Ак-Муз автомобиль жолдорунун көйгөйлүү участкаларындагы иштер аякталат деп кошумчалады.
Ошондой эле жакын арада Ак-Моюн - Талды-Суу көпүрөсүнүн курулушу башталат.