Хорватиянын футбол боюнча курамасы Канада, Мексика жана АКШда өтүп жаткан дүйнө чемпионатында биринчи жеңишине жетишти. Топтук этаптын экинчи турунун беттеши 24-июнга караган түнү өттү. Хорваттар минималдуу 1:0 эсебинде жеңишке жетишип, турнирдеги биринчи үч упайын алышты.