Ат-Баши районунда беш жылдын ичинде 17 инфраструктуралык объект ишке ашырылды

Ат-Баши районунда 2021-жылдан 2025-жылга чейин жалпы баасы 910,9 миллион сомду түзгөн 17 инфраструктуралык объект ишке ашырылды. Райондун акими Мухтар Шербаев мамлекет башчысына аткарылган иштер боюнча отчетун сунуштап, жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга жана регионду өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду баяндады.

Аякталган долбоорлордун арасында эки жаңы мектеп, беш бала бакча, эки спорт залы жана жети административдик имарат, ошондой эле асфальт-бетон заводу бар. Бул объектилер райондун социалдык инфраструктурасын кыйла жакшыртууга арналган.