24-июнда Бишкекте Борбордук Азиядагы туруктуу ландшафттарды калыбына келтирүүгө арналган регионалдык диалог башталды. Бул иш-чарага региондун өлкөлөрүнөн мамлекеттик органдардын, илимий коомчулуктун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда. Диалог 26-июнга чейин уланат.
Талкуунун негизги тапшырмаларына трансшекаралык селдер жана ташкындардан келип чыккан тобокелдиктерди азайтууга багытталган жол картасын иштеп чыгуу, ошондой эле климаттык табигый кырсыктар боюнча бирдиктүү маалымат базасы бар онлайн-каталог түзүү кирет.
Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Нурбек Жумалиев 2026-жылдын башынан бери өлкөдө 240тан ашык селдик агымдар катталганын, бул эки адамдын өмүрүн алып кеткенин билдирди. Салыштыруу үчүн, 2024-жылы 133 учур болуп, 25 адам каза болгон.
Деградацияланган ландшафттарды калыбына келтирүүгө жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн климаттык өзгөрүүлөргө туруктуулугун жогорулатууга багытталган RESILAND CA+ программасынын алкагында Кыргызстанда 52,2 миллион долларлык долбоор ишке ашырылууда, анын 45 миллиону кредиттик каражат, 7,3 миллиону гранттык каражат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги башка ведомстволор менен биргеликте 22 участкени тандап, жээк коргоо курулмаларын куруу, калкты даярдоо жана коркунучтар боюнча эрте билдирүү системаларын киргизүү иштерин жүргүзүүдө.