«Түндүк» мобилдик тиркемесинде «Шайлоочунун кабинети» пайда болду

«Түндүк» мобилдик тиркемесинде жаңы функционал — «Шайлоочунун кабинети» ишке кирди, ал колдонуучуларга шайлоолор тууралуу маанилүү маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүк берет. Эми авторизацияланган колдонуучулар онлайн режиминде өз шайлоо участогунун дарегин билүүгө, мурда берилген арыздардын тарыхын текшерүүгө жана шайлоо участогуна тиешелүү өзгөртүүлөрдү карап чыгууга мүмкүнчүлүк алышат.
Мурда бул кызматтык гана өзүнчө веб-ресурста жеткиликтүү болчу, эми анын бардык мүмкүнчүлүктөрү «Түндүк» тиркемесине интеграцияланды, бул жарандар үчүн актуалдуу маалыматка жетүүнү жеңилдетет.