Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгынын наркотиктер менен күрөшүү кызматынын кызматкерлери Аламудун районунда «гашиш» наркотикалык каражатын ири көлөмдө таратуунун фактын аныкташты. Бул боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Укук коргоо органдарынын ишинин натыйжасында эки чет элдик кармалды: М.А., 2001-жылы туулган, жана А.Р., 2004-жылы туулган. Алар «гашишти» гана таратып жаткан жок, ошондой эле өз үйлөрүндө наркотиктерди колдонууга шарт түзгөн жай уюштурушкан.