
Ат-Башы районунун акими Мухтар Шербаев 885 миллион сомдук бир катар келечектеги демилгелерди сунуштады. Алардын ичинде калкты тейлөө борборун, цифралык борборду, кардиологиялык борборду, мал чарбачылыгын комплексдүү өнүктүрүү станциясын, Ат-Башыда заманбап мал базарын, ошондой эле борбордук стадионду жана үй-бүлөлүк эс алуу паркын куруу пландалууда.
Нарын облусуна болгон жумушчу сапарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров региондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү жетишкендиктер жана Ат-Башы районунун сунушталган долбоорлору менен таанышып чыкты.