2026-жылдын апрель айында Кыргызстанга жөнөтүлгөн акча которуулардын көлөмү 260 миллион долларга жакын болду

2026-жылдын апрель айында Кыргызстанга жөнөтүлгөн акча которуулардын жалпы көлөмү 259,8 миллион долларды түздү, деп билдирет Улуттук банк. Каражаттын негизги бөлүгү, тактап айтканда, 239,8 миллион доллар ТМД өлкөлөрүнөн келип түшсө, 20 миллион доллар алыскы чет өлкөлөрдөн жөнөтүлгөн.

Ошол эле мезгилде Кыргызстандан жөнөтүлгөн акча которуулардын көлөмү 19,8 миллион долларды түздү. Бул сумма ичинен 17,7 миллион доллар ТМД өлкөлөрүнө, ал эми 2,1 миллион доллар алыскы чет өлкөлөргө жөнөтүлгөн.