22-июндан 28-июнга чейин Бишкек жана Ысык-Көл облусунда сейсмостойкулукту куруу боюнча VI Эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө. Бул иш-чарага ассоциацияга кирген ар кандай уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле дүйнөнүн ар кайсы бурчтарынан келген илимпоздор, инженерлер жана курулуш тармагынын адистери катышууда.
Конференцияда Кыргызстандын Курулуш министрлигине караштуу Сейсмостойку куруу жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун (ГИССИП) адистери сейсмостойку куруу боюнча актуалдуу маселелерди камтыган докладдарды сунушташат. Катышуучулар сейсмикалык коркунучтарды азайтуу ыкмаларын, заманбап технологияларды киргизүүнү, курулуш нормаларын жакшыртууну жана илимий-техникалык кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулашат.