Кыргызстандын мамлекеттик банктары 2026-жылдын 1-майынан тарта 130дан ашык компания менен кызматташууну токтотту. Бул чара, өлкөнүн Экономика жана соода министрлигинин маалыматына ылайык, санкциялык комплаенсти күчөтүү жана тобокелдиктерди азайтуу үчүн киргизилген.
23-июнда президенттин атайын тапшырмалары боюнча өкүлү Бакыт Сыдыковдун жетекчилиги астында өткөн жумушчу жыйындын алкагында санкциялык тобокелдиктерди азайтуу жана финансылык сектордо контролду күчөтүү боюнча чаралар талкууланды. Жыйындын катышуучулары эл аралык талаптарга жана чектөөлөрдүн стандарттарына ылайык келүүгө көңүл бурушту.

Мамлекеттик банктар кардарларды жана алардын төлөмдөрүн текшерүүдө тобокелдикке багытталган ыкманы колдонуп, Европалык Союздун, Улуу Британиянын, АКШнын жана башка өлкөлөрдүн санкциялык тизмелерине ылайык келишин көзөмөлдөп турушат.
Бул чаралардын натыйжасында: