


Бишкекте бүгүн Шанхай кызматташтык уюмунун Иш кеңешинин жыйыны өтүп жатат, бул Кыргызстандын аталган уюмдагы төрагалыгынын алкагында маанилүү окуя болуп саналат. Иш-чарага улуттук делегациянын лидерлери, ири бизнес бирикмелеринин өкүлдөрү, соода-өнөржай палаталары, ошондой эле ШОС өлкөлөрүнөн инвесторлор жана ишкерлер келишти.
Он мамлекеттин делегациялары экономикадагы ар түрдүү секторлорду, анын ичинде өнөр жай, энергетика, логистика, санариптик технологиялар, финансылар жана эл аралык соода боюнча кеңири темаларды талкуулашат. Жыйындын катышуучулары соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, инвестициялык өз ара аракеттенүүнү күчөтүү, бизнес байланыштарын бекемдөө жана ШОС аймагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерине көңүл бурушат.