Бишкекте Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын Борбордук Азиядагы коопсуздукка таасири талкууланды



ГКНБнын Академиясында Кыргызстандагы жана Борбордук Азиядагы диний кырдаалга арналган илимий-практикалык конференция өттү. Иш-чара 23-июнда болуп, Жакынкы Чыгыштагы окуялардын Кыргызстандагы диний процессине таасирин талкуулоого, ошондой эле бул тармактагы тенденцияларды жана болжолдорду аныктоого багытталган.

ГКНБнын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, конференцияга ар кандай илимий жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, ошондой эле мамлекеттик структуралардын кызматкерлери жана эксперттер катышты.