
22-июнда Бишкекте "Психологиялык ишмердик жана психологиялык жардам жөнүндө" мыйзам долбооруна арналган кеңешме өткөрүлдү. Иш-чарада "Демократиялык процесстерди изилдөө борбору" коомдук фондунун башкармалыгынын төрайымы Лариса Илибезова документтин негизги концепцияларын сунуштап, Кыргызстан үчүн анын иштелип чыгышынын зарылдыгын түшүндүрдү.