Кыргызстандын мамлекеттик “Элдик банкы” санкциялык тобокелдиктерден улам 80 компания менен иштешүүнү токтотуп, дагы 40ка жакын ишкана боюнча тиешелүү текшерүүлөр аяктоо алдында турат. Шектүү финансылык операцияларга каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралардын алкагында ушул жылы ыйгарым укуктуу органга 13 миңге жакын билдирүү жөнөтүлгөн.Андан тышкан дагы бир мамлекеттик “Абанк” болжол менен 51 ишкана менен ишкердик мамилелерин токтотуп, дагы 40ка жакын компанияга байланыштуу текшерүү соңуна чыгып...