Чүй облустук милициясы Бишкек — Нарын — Торугарт жолунда жарандар машинасы менен кубалашып, тапанчадан ок атышкан окуя боюнча 11 жаран кармалып, камакка алынганын билдирди.Облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) басма сөз кызматы кабарлагандай, 22-июнда саат 22:30 чамасында Ысык-Ата районунун Ивановка айылында Красная Речка айылынын 17-20 жаштагы беш тургуну райондун Кең-Булуң айылынын 15 чакты жашоочусу менен уруша кеткен.Милиция "жаңжалдын чыгышына эки баланын ортосундагы кыз...