
Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгынын оперативдик кызматкерлери мыйзамсыз наркопритонду жоюп, гашишти тартып алышты
Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Аламедин районунда мыйзамсыз наркопритондун ишин токтотушту. Операциянын жүрүшүндө мыйзамсыз ишмердикти уюштурган жана наркотиктерди сатууга шектелген чет элдик жарандар кармалды.
Тергөө органдары кармалгандардын наркотиктерди таратуу үчүн канал түзгөнүн жана аларды үзгүлтүксүз колдонуу үчүн жай уюштурганын билдиришүүдө. Мындан тышкары, оперативдик кызматкерлер тыюу салынган заттарды колдонууга 16 жаштагы кызды тартуу фактын аныкташты.
Наркопритондун аймагында жүргүзүлгөн тинтүүдө милиция кызматкерлери 66 грамм гашишти тартып алышты.
Учурда шектүүлөр камакка алынып, убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды. Чүй облусунун тергөө органдары наркотиктердин жеткирүү каналдарын аныктоону улантууда жана кармалгандардын Кыргызстандагы мыйзамдуу статусун текшерүүдө.
Сүрөт www