Нарын шаарында 5 миңден ашык тургундар турак жай шарттарын жакшыртуга муктаж, ал эми шаарда сел коркунучуна дуушар болгон 80 участок бар. Бул маалымат президент Садыр Жапаровго Нарын жана Нарын районунун өнүгүү келечеги боюнча презентация учурунда берилди.
24-июнда Нарын облусуна жумушчу сапар менен келген мамлекет башчысы региондун социалдык-экономикалык өнүгүү натыйжалары жана келечектеги пландары менен таанышып чыкты. Президенттин региондогу ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров учурдагы абал тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, Нардын бюджети 350 миллион сомго жетти. Шаарда бир учурда 43 объекттин курулушу жана реконструкциясы жүрүп жатат, алардын арасында ден соолук мекемелери, спорттук объекттер, социалдык мекемелер жана шаардык көчөлөр бар.
Негизги багыттардын бири жергиликтүү калкты турак жай менен камсыздоо болуп саналат.