Международдык наркосоюздун мыйзамсыз наркотиктерди Афганистандан жүгүртүү менен алектенген ишмердүүлүгү жоюлду. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) маалымдады.

Кылмыштуу уюм Афганистандын аймагынан чоң көлөмдөгү наркотиктерди контрабандалык жол менен жеткирүүнү уюштуруп, бир нече өлкө аркылуу туруктуу транзиттик маршруттарды колдонгон, андан кийин Кыргызстандын аймагына өткөрүп, коңшу мамлекеттерге ташуу менен алектенген.