Кыргызстандын Улуттук тарых музейинде «Кыргыздын издери Монголияда» аттуу илимий басылманын жана «Улуу тарыхтын издери» документалдык фильмдин презентациясы өттү. Бул долбоорлор Монголияда жашаган кыргыздардын тарыхый жана маданий мурасын изилдөөгө арналган. Презентация Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин демилгеси менен өткөрүлдү.
Бул иштер Баян-Улгий жана Увс аймактарындагы кыргыз коомдоштуктарына байланыштуу этнографиялык жана фольклордук материалдарды изилдөө үчүн уюштурулган экспедициянын натыйжасы болуп саналат.