26-июндан баштап «Асман Эйрлайнс» авиакомпаниясы Ош — Тамчы — Ош багыты боюнча регулярдуу каттамдарды кайра жандандырат. Каттамдар жумасына үч жолу: дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү аткарылат. Учуп кетүү убактысы эртең мененки сааттарга пландалган, бул жүргүнчүлөргө Ысык-Көл жээгинде эс алуу убактысын эффективдүү пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет.

«Асман Эйрлайнс» сүрөтү
Бир тарапка авиабилеттин баасы 6500 сомду түзөт. Билеттерди гана расмий сайттан жана Asman Airlines тиркемесинен сатып алууга болот.